Бишкекте айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, саат 02:14 чамасында аталган кызматтын нөөмөт бөлүмүнө "Дэн Сяопин көчөсүндө айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган “Тез жардамдын” кызматкерлери болжол менен 40-45 жаштагы белгисиз жаран оор жаракаттардан улам каза болуп калганын аныкташкан.