Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мастура Америка Кошмо Штаттарын жана Орусияны Сирияда тынчтыкты калыбына келтирүү жолдорун табууга чакырды. Бул тууралуу БУУнун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Стаффан де Мастура Сириянын Алеппо жана башка шаарларындагы бомбалоолорду сынга алып, Москва менен Вашингтонду атышууну токтотуу боюнча келишимдерди эске алып, тынч сүйлөшүүлөрдү жандандырууга чакырды. "БУУнун өкүлү өлкөдө согуштук аракеттерди токтотуп, зомбулуктун деңгээли төмөндөтүлгөн соң Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн экенин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, 2-майда Женева шаарында Стаффан де Мастура АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугушту. Бүгүн кечинде Стаффан де Мастура Москвага иш сапары менен барат.