Чүй облусуна караштуу Ленин айылында айдоочу эки унааны жана 3 жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ленин айылында 2-май күнү саат 08:30 чамасында орун алган. Анда Мазда Демио үлгүсүндөгү унаанын 29 жаштагы М.А. аттуу айдоочусу Алматы көчөсү менен түштүк багытта баратып рулду башкара албай Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унааны, катуу соккудан улам жолдо кетип бараткан 3 жөө жүрүүчүнү, андан соң экинчи Мерседес-Бенц Спринтер унаасын сүзүп токтогон. Натыйжада 3 жөө жүрүүчү жана Мазда Демио унаасынын айдоочусу ар түрдүү жаракаттарды алып аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда унаалар айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.