Аксынын Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кез-Арт, Чалдыбар айылдарында сел жүрүп, турак үйлөр жарактан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда SUPER.KG порталына Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу билдирди.
"2-майда саат 19:00 чамасында мөндүр аралаш жамгыр жаап, сел жүргөн. Натыйжада сел турак үйлөргө, мал сарайларга кирип кеткен. Кез-Арт айылында 2 үй жараксыз абалга келген. Чалдыбар айылында 4 үй жараксыз болуп калды. Айрым үй-бүлөлөр документтерин да сактап калууга үлгүрбөй калышкан. Мал сарайлар кулап, 200гө жакын майда жандык өлдү. ДЭП-12 жол куруу ишканасынын балансындагы 1,5 чакырым ички жолдор жарактан чыкты. Мындан сырткары бир көпүрө кооптуу болуп турат", - деп билдирди айыл өкмөт башчысы.
Эскерте кетсек, 2-май күнү Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кашка-Суу, Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндө да сел жүргөн.