ИИМдин Жол-патрулдук милициясы 34,8 миллион сомго 87 даана Лада Приора үлгүсүндөгү унаа сатып алганы жатат

ИИМдин Жол-патрулдук милициясы Лада Приора үлгүсүндөгү унааларды, сигналдык-үндү катуу чыгаруучу жабдыктарды жана мобилдик радиостанцияларды сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар боюнча сайтта жайгаштырылды.

Маалым болгондой, Жол-патрулдук милициясы 87 Лада Приораны 34,8 миллион сомго, 87 сигналдык-үндү катуу чыгаруучу жабдыкты 2,07 миллион сомго жана 87 мобилдик радиостанцияны 2,36 миллион сомго сатып алмакчы. Мунун баарына жалпысынан мамлекеттик бюджеттен 39 миллион 237 миң сом жумшалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
stimyl.kg
2016-05-03 16:08:05
Мелис Турганбаевдин кезектеги кам бышпаган иш планы же жеп ичууго ынгайлаштырылган коррупциялык иш планы десек болот. Ушул адамдан эч бир жакшы нерсени кутууго болбойт. Баарибир атамбаевский кадрлар да.
+11
Wave.
2016-05-03 17:26:45
stimyl.kg,

Ушул нерседен элге пайда чыгаарына кумонум бар да. Ладанын официалдуу сайтында бир Приора 359 мин рубль турат. Эгер коп алынса, корпоративдик тариф деген бар. Андан да арзан болот. Кыргызстанга апкелууго жол акысына канча кетет болду экен ???
+2
bond
2016-05-03 20:42:03
stimyl.kg,тойота-управляй мечтой, ваз-не сцы доедим.
0
abusait
2016-05-03 16:12:13
Ансыз да тыгын тар кочого тамаша болушат Эми. Элди тоноп жеп буто турган болдуго булар.
+1
Moskva.kg
2016-05-03 16:52:51
abusait,Эч кандай тыгын жаратышбайт 87 машинаны 7облуска берилсе 12,13 машинадан туура келет алар дагы район шаарларга болунсо орто жакшы болот
0
keba300989
2016-05-03 17:31:04
Moskva.kg,87 машина сатып албасачы, ошол акчаны жеп койсочу
0
ilya.
2016-05-03 16:40:52
Ушул кеткен чыгымдардан кыргызстанга пайда болобу
+3
Moskva.kg
2016-05-03 16:47:48
Ошондо 1машина 400000 мин сомдон алынат экен кымбат эмесби,бирок алыш керек мамлекетке пайдасы тиет деген ойдомун
0
aksy-beka
2016-05-03 16:50:10
Ала элеги ушул Лада эле калды эле!
0
Beksultan-007
2016-05-03 17:04:28
Лада эмес аяпонскийби же форд фокус эле алса жакшы болмок . Бирок баары келип элдин эле чонтогуно зыян. 87 машине кунуно 10 мин сомдон пара алганда канча акча бп кетет. Аргасыздан коррупцияга жол:)
+3
sinome
2016-05-03 18:04:18
Чыдамдуу болгула патрулдук машинелердин пайдасы коп, элдин коопсуздугун козомолдоп, чакырган жерге тез жетип барат.
+3
Jentelman
2016-05-03 18:12:36
Бат эле баса калып жамандаганды,коро албаганды жакшы уйронуптурсунор.Бали..

Сутко озу куйгон,айранды уйлоп ичет болуп жаткансыздарго.Ал эми жеп ичип жаткандарга Кудай озу жазасын берсин.Андан коро ушунун желип кетпегенине умут кылып,кудайдан тиленип туралы...

Эгер жининерге тийсем кечириниздер!Жакшы эле ой менен айттым.
0
al-abu-kinesz
2016-05-03 19:00:23
Башка мамлекеттик чыгымдардын алдында бул акча тиш чукуур да болбой калат (комускодо калган миллиондорду эсепке албаганда)
Неси болсо да кылмыштуулукка каршы курошуу учун жакшы эле чечим экен! Япошка, корейскийлерди арзаныраак деп алып алышып 3-4 жылга жетпей списаниеге чыгаргандан коро лада приорага токтолушканы туура эле болуптур. Кресло, ноутбуктарга караганда эл учун пайдасы тиет.
-2
bolotbai4
2016-05-03 19:59:06
Орус оюна келгенин кылчу эле,эми Кыргыз кыялындагысын кылып жатат.Эптеп ортодон акча жемей да.Ар нерсе оюнарга келгенин кылып жатып,бир кун атынарды таппай каласынар го.
0
ali1995
2016-05-04 00:02:15
ушулардын баарын сатып алса жакшы болот
0
ILYAS181296
2016-05-04 19:45:50
ПМ нын жакшы эле пайдасы тийип атат менин оюмча...
тааныштардан угуп калдым,"катуу айдап кетип аткам,жолдо ГАИ жок болчу. Анан эле артыман кубалап келип токтотту дееейт,айкыртып сигнал берип,камерага тушуп калдыныз катуу айдап баратып"-деп. Мындай суйлошоюн десем эч болгон жок!Штраф жазды. Анан эле кечинде уйго камерага тушуп калган сурот келиптир деейт,кайсы кочо, канча ылдамдык мн кетип атканын баарын жазып.... Угуп алып тан калганский....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан