Жалал-Абадда "мас абалда таанышын өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды

Жалал-Абадда "мас абалда таанышын өлтүрдү" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2-майга караган түнү саат 03:00 чамасында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы айылдардын биринин талаасынан киши колдуу болуп каза тапкан 49 жаштагы Канат К. аттуу жарандын жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерде кароо жүргүзүлүп, материалдар топтолуп, “киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары маркумдун 42 жаштагы Б.Б. аттуу айылдашы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан