Бүгүн, 30-мартта саат 04:20 чамасында Нарын облусунун Миң-Куш шаарчасында жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Жер көчкүсүнүн кесепетинен жогорку чыңалуудагы электр зымы тартылып турган 6 даана зым карагай кулап, кесепетинен Миң-Куш шаарчасында жана Арал айылында электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Маалыматка ылайык, бул аймакта оргтехника чыгарган эски заводдун кароолчусунан башка адам жашабайт. Аймак кооптуу болгондуктан, кароолчунун үй-бүлөсү туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Электр энергиясын жана тирөөчтөрдү кайра калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.