КҮНСЕРЕП: “Кумтөр” саясий упай топтоонун эскиргис булагыбы?

Бүгүн, 3-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

“Кумтөр” эки вице-президентинин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүсү тууралуу бүгүн, 3-майда билдирүү таратты. Компаниянын билдирүүсүнө таянсак, мекеменин каржы боюнча жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча вице-президенттери алдын ала пландалган эмгек өргүүлөрүнө байланыштуу кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетишкен. Башкача айтканда, эки жетекчинин тең чек арадан чыгып кетүүсү “Кумтөр” компаниясынын кеңсесин тинтүү иштерине байланыштуу эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде аталган ишкананын Бишкектеги кеңсесинде Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы биргеликте тинтүү жүргүзүшкөн. "Тинтүү мекемеден каражаттар жана активдер мыйзамсыз түрдө чыгарылып кеткен" деген факт боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлгөнүн Башкы прокуратура билдирген.

Эсиңиздерде болсо, “Кумтөрдөн” ири көлөмдө акча каражатын чыгарып кетүү окуясы мындан 2 жыл мурун да орун алып, 2014-жылдын май айында башкы күнөөкөр катары “Кыргыз алтындын” ошол кездеги башчысы Дилгер Жапаров камакка алынган. Башкы прокуратура "Кумтөрдөн" “Центерранын” пайдасына 200 миллион доллар мыйзамсыз түрдө чыгарылып кеткен" деп айыптап, бир жылга жакын жүргөн сот иши Дилгер Жапаровду 3 жылга эркинен ажыратуу менен аяктаган. Тергөө абагында отурган 1 күнү 3 күнгө эсептелүү менен Дилгер Жапаров өкүм чыккан соң 10 күн гана камакта отурары белгилүү болгон. Ошентип, кыргыз өлкөсүнөн 200 миллион доллар акчаны чыгарып кетүү окуясы кылмыш ишиндеги башкы фигуранттын 10 күн абакта отуруусу менен жыйынтыкталган.

2010-жылдан бери эле “Кумтөрдү” реструктуризациялоо аракети бир нече өкмөттүн “башын жутту”. Маселени чечүүгө алы келбей, Кыргыз Республикасы эл аралык кеңешчи-эксперттерди да жалдап көрдү. Чет жердик 3 компанияга көрсөткөн кызматы үчүн өкмөт 5 миллион долларга жакын акча төлөп бергенин 2015-жылдын 26-февралында “Кыргыз алтындын” ошол кездеги башчысы Токон Мамытов билдирген. Мындай каражат сарпталганына карабай маселе чечилген жок.

“Кумтөр” оппозиция эле эмес, керек болгон маалда бийлик да колдонуучу саясий упай топтоонун эскиргис булагына айлангандай. “Каражаттарды жана активдерди чыгарып кетүү” окуясынын дал ушул маалда элге жарыялануусу, компаниянын кеңсесине жүргүзүлгөн тинтүү, эки вице-президенттин тең өлкөдөн чыгып кетүүсү, ага байланыштуу Башкы прокуратуранын билдирүү таратуусу атайын даярдалган сценарийдин негизинде жүрүп жаткан сыяктанат... Эки жыл илгери Дилгер Жапаровдун иши тергелип жатканда тинтилбеген "Кумтөргө" бийликтин азыр көңүл буруусу кокустан болбосо керек. Эл көзүнө "баатыр" болуп көрүнүү мезгили эми, президенттик шайлоого 1 жылдан бир аз гана ашык убакыт калганда келгендир. Албетте, саясий упай топтоо үчүн саясатчылар эмнеге гана барышпайт. Бирок бийлик саясий упайды гана эмес, элдин жашоосун да ойлосо жакшы болмок. Жогоруда айтылган жана айтылбай калган миллиондогон долларлар өлкө казынасына эмес, башка бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кеткени өкүнүчтүү...

Бүгүн SUPER.KG порталынын “Элдик кабар” кызматына окурман кайрылып, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканага денесинин 40 пайызы күйгөн, оор абалдагы наристе түшкөнүн кабарлады. Баланын денеси кайнак сууга күйгөн. Окурмандын айтымында, баланы оорукчан таенеси карап жүргөн. Өз ата-энеси Орусияга иштегени кетишкен.

Укугу корголбой, балдар запкы көргөн окуялар өлкөбүздө күндөн-күнгө күчөп баратат. Алсак, 2015-жылдын апрелинде жетишпеген турмуштан, чоңдордун жоопкерсиздигинен улам эрезеге жете элегинде турмуштун жүгүн ийинине илип, Орусиянын Екатеринбург шаарына иштегени кеткен 13 жаштагы мекендешибиз Айганыштын сөөгү табылды. Дайынсыз кеткенден кийин бир ай бою изделип жаткан кыз суукка тоңуп каза тапкан экен. Бул кыз үй-бүлөсү алган насыяны жабуу үчүн Орусияга иштегени кетип, бирөөлөрдүн баласын багып, кыргыз жериндеги апасына ай сайын акча салып жүрчү.
2015-жылдын январь айында 2 жаштагы Ибрагим аттуу бала катуу сабалып, зордукталып, Бишкектеги №3-балдар ооруканасына түшүп, 2 ай бою комада жатты. Суукка тоңуп каза тапкан Айганыштын окуясы, чоңдордон запкы көргөн Ибрагимдин окуясы дагы кыргыз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруучуларын, акыйкатчысын, укук коргоо органдарын, билим берүү мекемесин чечкиндүү чараларга түртүп, ордунан козгой албады...

Мындай кейиштүү окуяларга карабай дүйнө коомчулугунун Кыргыз Республикасына карата кызыгуусу күчөп жатат. “National Geographic” журналынын кызматкерлери жергебизге келип, үстүбүздөгү жылдын 6-майынан 10-майына чейин фототур өткөрүшөт. Бул тууралуу аталган журналдын расмий сайтында жарыяланды. Дал ушул журнал үстүбүздөгү жылдын март айында Ош-Хорог жолун дүйнөдөгү эң кооз 10 жолдун тизмесине киргизген эле.

Чет жердиктердин кыргыз жергесине кызыгуусу күчөгөнү Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин 21-апрелде тараткан билдирүүсүндө да белгилүү болгон. Элчиликтин маалыматы боюнча, мамлекетибизге келген малайзиялыктардын саны 2014-жылга салыштырмалуу 2015-жылы 6 эсеге өскөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан