Жайыл районундагы ишканалардын биринин кызматкери газга ууланып каза болду

Жайыл районундагы ишканалардын биринин кызматкери газга ууланып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-майда саат 10:48 чамасында "Газпромнефть" ишканасынын 22 жаштагы С.Э. аттуу кызматкерине толуп калган цистернаны суудан бошотуп коюу буйругу берилген. Аталган жаран газдан сактануучу бет кап жана атайын кийимдерди кийбей цистернаны суудан бошоткон. Арадан эки саат өтүп, кызматкерди издеген кесиптештери аны цистернанын ичинен эс-учу жок абалда табышкан. Окуя болгон жерге “Тез жардамдын” кызматкерлери барып, кызматкердин каза болуп калганын аныкташкан. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abusait
2016-05-03 22:54:46
Аянычтуу ото. Коопсуздук эрежелерин текшерип туруш керек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан