Чүй облусунда мурда соттолгон 53 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 27-апрелде милицияга арыз менен Степное айылынын 36 жаштагы тургуну кайрылган. Ал Галина аттуу аял анын ишенимине кирип, ага жер тилкесин сатмак болуп 20 миң сом акчасын алып кеткенин билдирген.
Бул факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 53 жаштагы мурда соттолгон Б.Г. аттуу тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.