Москва шаарында тоноочулукка шектелген кыргыз өлкөсүнүн эки жараны кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалым болгондой, полиция кызматына арыз менен 31 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал Зеленодольск көчөсүнөн белгисиз эки адам тапанча менен коркутуп, 7 миң рублга бааланган уюлдук телефонун тартып алганын билдирген.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 21 жана 33 жаштагы эки кыргыз жараны кармалган. Кармалгандардын жеке буюмдарын текшерүү учурунда алардын жанынан пневматикалык тапанча табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.