Борбордогу көчөлөрдүн биринен "күч колдонуу менен акчаны тартып алган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Жол-патрулдук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-май күнү саат 18:00 чамасында Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде турган патрулдук милициянын кызматкерлерине 31 жаштагы К.С. аттуу жаран кайрылган. Ал 25-27 жаштардагы белгисиз жигит күч колдонуу менен жанындагы акча каражатын тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Б.С. аттуу жаран кармалып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.