Жайыл районунда бейбаштык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-май күнү милицияга арыз менен Ош шаарынын 29 жаштагы К.А. аттуу тургуну кайрылган. Ал түнкү саат 03:30 чамасында Кара-Балта шаарындагы Сосновский бурулушунан 25-30 жаштардагы мас абалдагы жаран Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаасынын арткы айнегин таш менен талкалап качып кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Чүй облусунун Алексеевка айылынын И.Э. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө улантылууда.