Борбор калаада катталган 2 жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ саат 10:18 чамасында Махатма Ганди жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда жеңил унаа менен №218-коомдук унаа сүзүшүп, 7 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алган. Ошондой эле Ак-Ордо жаңы конушунда катталган жол кырсыгында 1 адам жабыркаган. Аталган даректерге барган “Тез жардамдын” кызматкерлери алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, жабырлануучуларды ооруканага жеткиришкен.