Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө президент борбор калаанын өнүгүүсүнүн динамикасы жана шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча мэриянын ишмердүүлүгү жөнүндө кабардар болду. Албек Ибраимов шаар башкармалыгынын кызматтарынын ишинин сапатын жогорулатуу, көчөлөрдү жарык менен камсыздоо жана жашылдандыруу боюнча кандай иштер жүрүп жатканын айтып берди.
Президент Алмазбек Атамбаев мэрия шаардыктардын жана борбор калаанын көйгөйлүү маселелерин тез арада чечүү керектигин баса белгиледи. Бишкектин таза, ыңгайлуу жана заманбап шаар болушун каалаган шаардыктар мэриянын ишмердүүлүгүн тыкыр көзөмөлгө алып турушканын өлкө башчы билдирди.