Ысык-Ата районунда "күч колдонуу менен акча талап кылган" деп шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-май күнү милицияга арыз менен 36 жаштагы Кант шаарынын М.И. аттуу тургуну кайрылган. Ал саат 14:00 чамасында Кант шаарындагы Чоң Чүй каналынын жээгинен белгисиз 4 адам күч колдонуу менен 4 миң сом акча талап кылышканын билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 23 жаштагы А.Р., К.Р., 17 жаштагы Б.М. жана 34 жаштагы Д.А. аттуу жарандар кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.