Аламүдүн районунда "үйдүн терезесинен кирип, 30 миң сомго бааланган буюмдарды уурдап кеткен" деген шек менен мурда соттолгон 2 аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 47 жаштагы О.Б. аттуу Көк-Жар айылынын тургуну кайрылган. Ал 2-майдан 3-майга караган түнү белгисиз адамдар анын үйүнө терезе аркылуу кирип, жалпы суммасы 30 миң сомду түзгөн үй оокаттарын уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 32 жаштагы А.А. жана 43 жаштагы Т.Э. аттуу шаар тургундары кармалган. Учурда кылмышка шектүүлөр камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.