Нарын шаарында мектеп окуучуларынын Спартакиадасы старт алды

Бүгүн, 4-майда Нарын шаарында мектеп окуучуларынын Республикалык Спартакиадасынын ачылыш аземи өттү. Мелдеш Тарых жана маданият жылына жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналат.

Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Республикалык Спартакиадага күч сынашууга 7 облус жана Бишкек, Ош шаарларынын окуучулары келишти.

Ачылыш аземине өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, шаар мэри Рахат Адиев, билим берүү жана илим министринин өкүлү Эркин Абдылдаев, окуучулар жана шаар тургундары катышты.

Спартакиаданын 4-финалдык этабы спорттун 15 түрү боюнча өткөрүлсө, анын ичинен 6 түрү Нарын облусунда өткөрүлүп жатат. 4 күндүк мелдеш кыргыз күрөш, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, шахмат, ордо, стол тенниси боюнча өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
madina.87
2016-05-04 20:00:11
Ооо бул мелдеште кайним катышып,3- орунга илешиптир.
Эркин курош боюнча.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан