Чүй облусунун аймагында 10го жакын кыз-келиндер иштеген 2 сойкукана аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда SUPER.KG порталына Адамдарды соодалоо жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Адилет Илипбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, март айынын ортосунда аталган башкармалыкка Кант шаарында жана Люксембург айылында көмүскө сойкукана иштеп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Кант шаарындагы жеке турак жайлардын бирин ижарага алып иштеткен Чүй облусунун 56 жаштагы Чолпон И. аттуу тургуну сойкулук менен алектенген 4-5 кыз-келин менен сойкукана иштетип жаткандыгы аныкталган. Ошондой эле "Люксембург айылындагы турак жайлардын биринде сойкукана уюштурган" деген шек менен сойкукананын 34 жаштагы Юлия Э. аттуу администратору кармалган. Ал иштетип жаткан аталган жайдан да 18 жаштан 30 жашка чейинки 5 сойку кармалган.
"Сойкуканаларды уюштурган" деген шек менен кармалган Чолпон И. жана Юлия Э. аттуу жарандарга карата кылмыш иши козголуп, алар 2 суткага камакка алынган. Бирок соттун чечими менен алар тергөө амалдары аяктагыча өлкөдөн чыкпоо тил катынын негизинде үйлөрүнө коё берилген. Аларга 50 миң сомдон өйдө айып пул салынышы мүмкүн. Сойкуканалардын, сойкулук менен алектенгендердин көбөйүшү мыйзамдын алсыздыгынан болууда. Биринчилери да, экинчилери да айып пул төлөө менен кутулуп, кайра эле өз иштери менен алектенишет. Учурда буга карата мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракеттери көрүлүп жатат", - дейт Илипбеков.