Москва районунда улгайган жарандын уюлдук телефонун уурдоого шектелип 25 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Беловодск айылынын 65 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 3-май күнү саат 12:00 чамасында аталган айылдын сейил багынан белгисиз адам анын уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Москва районунун Ш.Т. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө жүрүүдө.