Сокулук районунда мал уурдоого шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 81 жаштагы Жаңы-Жер айылынын А.Б. аттуу тургуну кайрылган. Ал 2015-жылдын декабрь айынын аягында белгисиз адамдар анын мал сарайынан 1 баш коюн уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча "мал уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 3-май күнү кылмышка шектүү катары 21 жаштагы К.А. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда кылмышка шектүү камакка алынып, иликтөө жүрүүдө.