Канаданын бир нече аймагында орун алган токой өртүнөн улам адамдар коопсуз жайларга көчүрүлүүдө

Канаданын бир нече аймагында орун алган токой өртүнөн улам адамдар коопсуз жайларга көчүрүлүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар аталган шаардын бийлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бир нече күндөн бери орун алган ири токой өртүнөн улам Форт Макмаррей шаарынан 80 миң адам эвакуацияланды, буга чейин шаардын түштүк аймагынан да 30 миң адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Өрт өчүрүү иштери бүгүнкү күнгө чейин уланып жаткандыгы маалым. Шаар тургундары жакынкы 20 чакырым аралыктагы аймактарга убактылуу көчүрүлүп, өрттү өчүрүүгө кошумча күчтөр, өрт өчүрүүчү 100гө жакын тик учак тартылганы айтылууда.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Форт Макмаррей шаарындагы эки квартал толугу менен күйүп, дагы бир нечеси жабыркаган. Аймактагы жалгыз оорукана да өрт жакындагандыктан жабылганы айтылууда.

Канадада токойдон өрт чыгып, 80 миң адам коопсуз жайга чыгарылууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан