1-апрелде Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда волейбол боюнча эркектер арасында өлкөнүн 5-чемпиондугунун 2-айлампасы башталып, 5-апрелге чейин уланат. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалым болгондой, Улуттук Лигада 6 команда ат салышат. Эске сала кетсек, 1-айлампа 16-февралдан 20-февралга чейин Бишкекте өткөн. Улуттук Лиганын 3-айлампасы Ош шаарында өтмөкчү.