Чүй облусунда "зордуктоого аракеттенген" деген шек менен 33 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-май күнү милицияга арыз менен Раздольный айылынын 20 жаштагы М.Г. аттуу тургуну кайрылган. Ал 3-май күнү саат 23:00 чамасында Калканбек аттуу кошунасы күч колдонуу менен аны зордуктоого аракеттенгенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Жалал-Абад облусунун Н.К. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.