Борбор калаада "алдамчылык жолу менен 12 миң долларга бааланган зер буюмдарды алган" деп шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 54 жаштагы А.О. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал 2015-жылдын январь айында З.А. аттуу аял анын ишенимине кирип, 12 миң долларга бааланган зер буюмдарды "сатып берем" деген шылтоо менен алып, акчасын бербей жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү 45 жаштагы З.А. аттуу аял кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.