Бишкекте "20дан ашык батирди тоногон" деп шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине борбор калаада үй жана батирлерди тоноо менен алектенген топ бар экени тууралуу маалымат түшкөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Бишкектин аймагында катталган 20дан ашуун фактыга жана 2 тоноочулукка шектелгендер борбордогу Баялиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин жанынан 3-май күнү колго түшүрүлгөн. Алар мурда соттолуп, учурда издөөдө жүргөн Токтогул районунун 1987-жылы туулган тургуну Ж.Ч. жана 1982-жылы туулган Т.З. аттуу Ташкент шаарынын мурда соттолгон жараны экени аныкталган. Учурда иликтөө улантылууда.