Кытайдын Хунань провинциясында наристе колунда 15 манжа, бутунда 16 манжа менен жарыкка келди. Ымыркайдын 2 алаканы бар жана баш бармактары жок болуп чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, жарыкка келген ымыркайдын ата-энеси элден 30 миң доллар чогултуп, операция жасатуу аракетин көрүп жатат. Дарыгерлер операциянын жыйынтыгында ашыкча манжаларды алганга аракет кылып, бармак коюшмакчы.
Кошумчалай кетсек, ашыкча манжалар менен төрөлүүнү илимде полидактилия деп аташат. Статистика боюнча, мындай көрүнүш ар бир 5000 ымыркайдын биринде катталышы мүмкүн.
Кытайда жаңы төрөлгөн баланын апасынын буттарында жана колдорунда алтыдан манжа бар экени белгилүү болду.