Аксы районунда 3-майда саат 04:00-05:00 чамасында райондун аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү, турак жайларды жана сарайларды жараксыз абалга келтирип, мал-жандыктарды агызган. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык отряддары селдин кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Туу айыл аймагындагы Кара-Ой, Ак-Жар, Жол-Сай жана Сарымсак-Булуң каналдары шагыл таштарга толуп, жээктеринде жайгашкан 25 турак жайга кооптуу абал жаратып, анын ичинен 4 турак жайдын короолорун жана чарбалык курулуштарын шагыл таштар каптап калган.
Сел калдыктары каптап калган 4 турак жайдын короолору турак жайлардын ээлери тарабынан жана айылдык аймак тарабынан техника тартылып, тазаланып жатат. Ички чарбалык унаа жолдорун калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө.