5-майда "Манас" Эл аралык аэропортунда Бишкектен Москвага тууганынын паспорту менен чыгып кетүүгө аракет кылган кыргыз кызы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аэропорттогу көзөмөл-өткөрүү жайында анын паспорту тууганына таандык экени аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал жаран ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.