Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, унаа оодарылып кетти

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-майда саат 23:13 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 367-чакырымында БМВ 525 үлгүсүндөгү унаанын 30 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, унаасы оодарылып кеткен. Жол кырсыгы катталган жерге КРнын ӨКМнын №16-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, оодарылып калган унааны жолдун четине чыгарып беришкен. Алдын ала маалыматтарга ылайык, унаанын 1985-жылы туулган Жанузак Ж. аттуу айдоочусу жана 1990-жылы туулган Асылбек С. аттуу жүргүнчүсү эч кандай жаракат алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан