Кочкор районуна караштуу Соң-Көл айыл аймагынын Төлөк айылында суу ташкыны жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Кочкор районунда нөшөрлөгөн жамгырдан улам суу ташкыны пайда болуп, айылдарды суу каптады. Соң-Көл айыл аймагынын Төлөк айылынын түштүк тарабындагы Бучук жайлоосунда коктулардан келген сел каналга батпай айылды каптаган. 8 турак үйдүн короо-жайларын ылай суу басып, 1 баш кой зыянга учураган. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кырсык болгон аймактын жеринде эл менен жолугуп, тийиштүү чараларды көрүп жатат", - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.
Белгилүү болгондой, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №42-өрт куткаруу бөлүмүнөн 12 адам жана жергиликтүү тургундардан 30 адамдын жардамы менен кошумча арыктар казылып, каналдын кооптуу жерлерин бекемдөө иштери улантылып жатат.
"Жумгал айыл аймагына караштуу Лама айылындагы Бел-Арык каналынын агымы жогорулап, аталган каналдын 150 метр куб жерин аң кылып, суу алып кеткен. Сел агымынан турак жайларга жана
короо-бактарга зыян келтирилген жок", - деп айтылат маалыматта.