Москва районунда КамАЗ менен жеңил унаа сүзүшүп, экинчи унаанын айдоочусу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 4-май күнү саат 11:05 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 53-чакырымында орун алган. Анда КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Volkswagen Passat унаасы сүзүшүп, анын кесепетинен 30 жаштагы Мырзабек Т. аттуу жеңил унаанын айдоочусу алган оор жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза тапкан. Маркумдун сөөгү Москва райондук өлүкканасына өткөрүлүп берилген.