Тынч океанда улуттук океандык жана атмосфералык изилдөө жүргүзүү учурунда белгисиз өзгөчө медуза (килкилдеген тунук денелүү деңиз жаныбары) табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.
Окумуштуулар океандын 3700 метр тереңдигинде атайын жабдыктар менен изилдөө жүргүзүп жатышканда фотоаппараттын кадрына белгисиз учуучу объектке окшогон медуза түшүп калган. Аталган деңиз жаныбарын илимпоздор изилдеп, ал медузанын “крассота” түрүнө кирерин аныкташкан. Алар кубулуп турган жарыгы менен майда балык жана башка олжолорун өзүнө тартып, тузакка түшүрүп жешет. Дүйнөдө азыркы кезде мындай медузанын 5 түрү бар. Тынч океандагы жаңы табылган деңиз жаныбарына окумуштуулар “белгисиз учуучу объектке окшогон медуза” деген ат беришкени маалыматта айтылат.