Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен 69 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-май күнү саат 10:05 чамасында Куткаруу кызматына Турусбеков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин улгайган ээси эшикти ачпай жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган куткаруучулар эшикти ачып, үйдүн ичинен 1947-жылы туулган Г.В.Попкова аттуу үй ээсинин жансыз денесин табышкан. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине, андан кийин туугандарына өткөрүлүп берилген.