ИИМ: Москвада "жардыруу уюштурууга катыштыгы бар" деп шектелип кармалгандардын бири кыргыз жараны экендиги тууралуу маалымат келе элек

"Москвада "жардыруу уюштурууга катыштыгы бар" деп кармалгандардын бири кыргыз жараны экендиги тууралуу маалымат бизге айтыла элек". Бул тууралуу бүгүн, 6-майда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматтарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда КРнын Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан аталган факт боюнча эч кандай расмий маалымат келе элек.

Бул маалыматты Федералдык коопсуздук кызматынан таратып жатышат. Ушул себепке байланыштуу учурда кандайдыр бир расмий маалыматты алууга кыйын болууда", - деп билдиришти Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү.

Эскерте кетсек, "Москва шаарында май майрамдарына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чаралардын жүрүшүндө жардыруу уюштурууну көздөгөн" деген шек менен террордук топтун 12 мүчөсү колго түшүрүлгөн. Алардын бири 32 жаштагы Айбек С. аттуу кыргыз жараны экендиги маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан