Бүгүн, 6-майда саат 01:54 чамасында өлкө аймагында 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, анын очогу кыргыз жеринин Таш-Булак айылынан 15 чакырым түштүк-батышты карай, Ак-Талаа айылынан 18 чакырым түштүк-чыгышты карай, Бирдик айылынан 20 чакырым түндүк-батышты карай, Нарын шаарынан 20 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Бирдик айылында 3,5 балл, Нарын шаарында, Жаңы-Булак, Таш-Булак, Ат-Башы, Достук, Ак-Жар, Дыйкан, Ак-Талаа, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Эмгек-Талаа айылдарында 3 балл, Кара-Суу, Кара-Булуң, Калинин, Талды-Суу, Өзгөрүш, Ак-Кыя, Ак-Муз, Орто-Саз, Кеңеш, Миң-Булак, Куйбышев, Куланак айылдарында 2,5 баллга сезилген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыйроолор жана жабыркагандар жок.