Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 3 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Кара-Таш айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анда жыгач устундуу, шифер жабылган, жалпы аянты 140 чарчы метрди түзгөн 2 кабаттуу курулуш чарбасынын чатыры, 100 боо чөп жана 0,5 куб отун күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин 8 жаштагы небересинин от менен ойногону себеп болгон.