Ысык-Көл облусунда жалпы салмагы 24 килограмм 830 граммды түзгөн баңгизат менен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 4-майда саат 22:00 чамасында "1 килограмм 30 грамм гашишти сатууга аракеттенген" деген шек менен Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылынын 21 жаштагы Бекмырза К. уулу аттуу тургуну кармалган. Ал эми 5-май күнү Түп районунун 27 жаштагы Адилет Ч. аттуу тургунунун үйүн тинтүү маалында 2 мүшөккө салынган жалпы салмагы 23 килограмм 800 граммды түзгөн марихуана табылган. Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.