Москва шаарынын метросунда сабалган 2 жигит кыргыз жарандары экени тастыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тергөө иштеринин кызыкчылыгы жана жабырлануучулардын коопсуздугу үчүн алардын аты-жөнү боюнча маалымат берилбейт.
"Жабырланган кыргыз жарандары ооруканада дарылануудан баш тартышкан. Учурда бул окуя консулдуктун көзөмөлүндө. Аталган факт боюнча, Орусиянын мыйзамына ылайык, “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр кармалып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти аталган министрликтен.
Эскерте кетсек, эки кыргыз жаранын себепсиз ур-токмокко алган жарандар футболдук клубдардын биринин күйөрмандары экени айтылууда.