Милиция Бишкектеги Кара-Дарыя көчөсүндө жайгашкан көпүрөгө асынып алган азиат улутундагы жарандын өздүгүн тактоодо аны тааныгандар болсо кайрылуусун cуранып жатат. ИИМден кабарлашкандай, маркумдун сөөгү 19-апрелде эртең мененки саат 08:00дө Бишкектеги Кара-Дарыя көчөсүндө жайгашкан көпүрөдө илинип турган абалда табылган.
Боюнун узундугу 170-180 сантиметр, чачтары кара, 40-45 жаштарда. Кара күрмө жана боорунда "CANADA" деген жазуусу бар футболка кийип жүргөн.
ИИМ маркумду тааныгандар болсо, Октябрь районунун нөөмөт бөлүмүнө (0312) 54-41-84, 54-41-16 номурлары аркылуу кабарлап коюуну суранат.