7-майга караган түнү 00:00-01:00 чамасында катуу мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел жүрүп, 12-жол тейлөө ишканасынын балансындагы Топ-Жаңгак-Кара-Суу-Кызыл-Көл багытындагы унаа жолунун 20-22-чакырымындагы аралыгына шагыл таштар толуп, жол каттамы токтоп калган. Мындан сырткары 2 турак жайдын айланасын, кошумча курулуштарын жана 1 ФАПтын айланасын шагыл таштар каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызмат кабарлагандай, кыйроолор болгон эмес жана адам өмүрүнө зыян келген жок.