31-мартта Жалал-Абад облусунда кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, натыйжада Бишкек аскердик институтунун 1 курсанты каза тапты. Окуя Бишкек-Ош унаа жолундагы “Кыпчак-Талаа” текшерүү пунктунда болгон. Кырсыкта дагы бир курсант денесинен ар кандай жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилди. Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, аталган курсанттар Бишкектен Жалал-Абадга чек ара кызматынан тажрыйба топтоо үчүн барган. Учурда жол кырсыгынын келип чыгышы такталып жатат.