Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 6-майда Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу шартындагы ишмердүүлүгү менен таанышуу иретинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек унаа жолу" жана "Чалдыбар унаа жолу" көзөмөл-өткөрмө пункттарын кыдырды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Бакыт Жылтыров биринчи вице-премьер-министрге өткөрмө пункттардын иши тууралуу маалымат берди.
Бекеттердин иши менен таанышкан соң Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун пункттардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жана документтерди толтуруу процедурасын жеңилдетүү максатында көзөмөл-өткөрмө пункттардын инфраструктурасын жакшыртууга тийиштүү тапшырмасын тездетүүнү тапшырды.