Нарын облусунда 4-класста окуган кыз даракка асынып каза болду

Нарын облусунда 4-класста окуган кыз өз өмүрүнө кол салып, каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын 11 жаштагы тургуну 6-майда өз үйүнүн артындагы даракка асынып каза болду. Апасынын айтымында, кызы үйүндө сабагын окуп отурган, эмне себептен мындай ишке барганын билбейт.

Кыздын 2 иниси бар экени жана атасы бир жыл мурда көз жумганы маалым болду. Апасы кызынын өлүмүнө эч кимди күнөөлөбөй турганын билдирген. Учурда милиция кызматкерлери аталган факт боюнча териштирүү иштерин жүргүзүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
miss-998
2016-05-08 00:07:57
Жап жаш эле кыз экенгоо эмне себеп болду экен?
0
dubai
2016-05-08 00:18:23
менин оюмча же оору(галлюцинация-кулагына ундор угулуп,олумго чакыра берген) же моралдык басым жасалган(классташтарынын мазактоосу,шылдындоосу,апасынын жемеси ж.б)Эмнеси болсо да Кудай билет,жайы жаннаттан болсун.
+3
33SUUN
2016-05-08 00:53:17
Жаман болуптур байкуш кызга.Менин ойум бойунча атасынын олуму себепкер болгон окшойт.Мектебинен,классташтарынан жаман соз угуп'уйуно келсе апасы сабак кара деп жаш кызды кыйнап койгонбу деп ойлоп койдумда.Атасын сагынып жургон кезинде ал кызга бир эле жаман соз ок болуп тийээрин озунон башка эч бир адам сезбеген чыгаар.!!!
+2
only_progress
2016-05-08 01:19:14
Урматтуу супер азыркы убакта жаш оспурумдор ушундай иштерге коп барып жатат,ата-энелер азыркы муундарга кандай тарбия бериш керек,анан оспурумдор да ошол жолго эмне болгондо азгырылбайт,ошого карата тарбиялык курстарды гезит бетине жазып турсанар жакшы болмок. Азыркы балдарга мурункудай эмес кичине башкачараак метод менен тарбия бериш керекпи мумкун? Психолог,педагогдордон кенеш алсанар Жакшы болмок
+2
nargis
2016-05-08 01:53:56
Кулагыбыз укса да козубуз корбосун жамандыктарды.
0
Sema87
2016-05-08 02:09:54
Урушуп койсо керек та апасы азыркы жаштар кобунун акылы кем соз которо албайт ата эненин айтканы болбойт тескерисинче жаштардын созу отуп калган азыр бир нерсе эле болсо олом деп коркутушат олсон озуно эле кыйын
+1
begimai1989
2016-05-08 02:21:53
Иииийии кенедей десе.
-1
Usow
2016-05-08 05:59:12
Аллах озу сактасын бул да озунчо ооруу и шайтандын азгырыгы болуп саналат андыктан дайым келме кайтарып Аллахты эстеп журолу озу сактасын
+1
Sogushov
2016-05-08 07:32:51
70% апасы таарынтып койгон
30% кочодо достору капа кылган
Башка себеп жок болсо керек
+1
Parish
2016-05-08 08:01:00
Азыркы замандын жаштарына тушунуу отоо кыйын.Жаткан жери
жайлуу болсун.
0
adi.sumi
2016-05-08 08:27:16
ошода доосу жок б.со. Озу катуу тарынткан менимче. Эмесе издеш к.к мынандай кумонум бар дейт да. Эх асынгандар асынып тура берет аркы дуйнодо да дешет. Эми бул эмне болот. Жоопсуз кала берет... Аллахым ар бир пендеге сабр сабр сабр бер..
+1
Asyl19.09.90
2016-05-08 11:19:00
Кудай сактааааа
0
aytkulova
2016-05-08 14:22:58
Кудай сакта. 11жаш олум менен омур эмне экенин билбеген убак го. Бир сыр бардай. Апасы билет болуш керек, эч кимди куноолобойм дегенине караганда.
0
saytash11
2016-05-08 14:35:06
Ар нерсени эле жаза берүү болбойт. 11 жашар кыз таарынычты билет беле, оюнкарактык мезгилде. Балким ойноп отуруп асынып калгандыр. Бир гана Аллах күбө. Андай окуялар көп кездешип жатат азыр өспүрүмдөрдүн арасында. Психикалык жабыркоо же кокустук окуя деп гана айтуу мүмкүн. Эмнеси болсо да, жап-жаш кыз экен. Жайы жанаттан болсун.
0
Samaganova
2016-05-09 04:03:19
Эмне болуп баратабыз?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан