30-мартта Украинанын Херсон шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык мушкер Медер Мамакеев күмүш медаль утту. 56 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Мамакеев финалда азербайжандык Жавид Чалыбаев менен беттешкен. Айта кетсек, бул мелдешке Кыргызстандын атынан 10 боксчу катышып, алардын ичинен Адилет Бекеев (60 килограмм) финалга чыгуучу мелдеште украиналык мушкер Павел Ищенкого утулуп, 3-орунду камсыз кылды. Ал эми мелдештин жыйынтыгы боюнча командалык эсепте Кыргызстан 10 команданын ичинен 8-орунду ээледи.