Түркиянын Анталия шаарында 31-мартта өткөн теннис боюнча эл аралык мелдеште мекендешибиз Ксения Палкина жеңишке жетишти. Маалым болгондой, Палкина грузиялык Оксана Калашникова аттуу спортчу менен бирге түркиялык теннисчилер менен беттешкен. Натыйжада 6:4, 4:6, 10:8 эсебинде Палкина менен Калашникова жеңүүчү аталышты. Айта кетсек, бул жуп 1 апта мурун ушул эле шаардагы башка эл аралык мелдеште 1-орунду багынткан болчу. Эске салсак, Палкина WTAнын (Айымдар теннис ассоциациясы) рейтингинде 360-орунда турат.