Чүй облусунда кайненесин өлтүрүүгө шектелген жаран күнөөсүн моюнуна алды

Чүй облусунда кайненесин өлтүрүүгө шектелген жаран күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 8-майда түнкү саат 00:30 чамасында милицияга арыз менен Аламүдүн районунун тургуну кайрылган. Арызында жарандык күйөөсү анын апасын бычактап салганын билдирген. Окуя болгон жерге тийиштүү кызматкерлер барганда 67 жаштагы аялдын жансыз денесин табышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Ж.В. аттуу жаран кармалды. Өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмышка шектелген жаран мас абалда кайненеси экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып, андан улам бычактап салганын моюнуна алган. Учурда “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
konfetka.medik
2016-05-09 22:09:08
oi kudaiym ai emne degen wumduk e
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан