Бишкекте "1,5 жаштагы баланы уурдаган" деп шектелген келин тил каттын негизинде бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда SUPER.KG порталына Биринчи Май РИИБинин жетекчисинин орун басары Марлис Асанов тастыктады.
“Адам уурдоо” беренеси менен шектелип кармалган 19 жаштагы келин тил каттын негизинде соттун чечими менен үй камагына бошотулду. Учурда тергөө иштери улантылып жатат”, - дейт Асанов.
Эскерте кетсек, аталган кылмышка шектелген келин кармалган соң соттун чечимин күтүү үчүн 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 4-майда "чала таанышынын 1,5 жаштагы баласын уурдаган" деп шектелип кармалган.