Баткенде катуу шамалдын кесепетинен чатырлар учуп, өрүк дарактары түбү менен кулап калды. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда SUPER.KG порталына Гүлжан Шербекова аттуу жергиликтүү тургун билдирди.
Маалым болгондой, Лейлек районуна караштуу Сумбула айылында катуу шамалдын кесепетинен турак үйлөрдүн чатырлары учуп, көгөрүп калган өрүктөрдүн 50 пайызы күбүлүп түшкөн. Ошондой эле тамыры менен кулап калган өрүктөр да болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тийиштүү жардамдарды көрсөтүшкөнүн жергиликтүү тургун кошумчалады.