Чүй облусунда "жубайын ур-токмокко алган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Төмөнкү Ала-Арча айылынын 45 жаштагы тургуну кайрылган. Арызында күйөөсү эч бир себепсиз аны сабап салганын билдирген. Окуя болгон жерге тиешелүү кызматкерлер барышып, кылмыштын изи сууй электе 39 жаштагы Б.В. аттуу кылмышка шектелген жаранды алып кетишкен. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы маалыматта айтылат.